Бишкекте 10 киши жашаган турак-жай толугу менен күйүп кетти (видео)

654

Бишкекте 10 киши жашаган турак-жай толугу менен күйүп кетип, жабыркагандар көңүлкош карабаган жарандарга жардам сурап кайрылууда. Үй ээлеринин 7 баласы жана төшөктө жаткан улгайган апасы бар.

Алар бир нече күндөн кийин улуу кызын күйөөгө узатып, той өткөрөбүз деп камынып жатышкан. Өрт кырсыгынан улам турак-жайсыз калган үй-бүлө учурда боз үйдө баш калкалоого мажбур.