Бишкекте 100гө жакын өспүрүм мушташты (видео)

715

Бишкекте 100гө жакын баланын катышуусунда мушташ чыкты. Бирок шаардык милициядан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Окуя Ак-Тилек жаңы конушунда катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жоон топ балдар бири-бирине таш ыргытып, бир нече өспүрүм катуу токмок жеген.

Мындан улам, алар аймактык милицияга бир нече жолу кабарлап, тартип сакчылар келгенче мушташкандар тарап кеткен. Азырынча мектеп окуучулардын ортосундагы чыр-чатак эмнеден улам чыкканы белгисиз.