Бишкекте 12 кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)

982

Бишкекте кечээ түндө жаңы курулуп жаткан 12 кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Аалы Токомбаев — Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан жерде курулуп жаткан имаратта тутанган жалын, 2 сааттан кийин өчүрүлдү. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок. Мындай көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыккан сайын куткаруу жана өчүрүү иштерине зарыл шатынын жетишсиздиги маселеси көтөрүлөт. Бул жолу өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге 30 метрлик тепкичти алып келген. Бирок жабдуу маселеси толугу менен чечилбей жатат. Учурда Кыргызстан боюнча Бишкекте гана 15-16 кабатка чейин жете турган 50 метрлик бир авто тепкич бар.