Бишкекте 13 класс карантинге жабылды (видео)

3140

Кыргызстан боюнча 37 окуучудан коронавирус аныкталды. Анын 13ү Бишкек шаарында билим алгандар. Буга байланыштуу ордо калаадагы 10 мектептин айрым класстары карантинге жабылды. Анда окуган балдар-кыздар аралыктан билим алууга өтүштү.

Эгерде ооруп калган окуучулардын саны көбөйүп кетсе, анда дал ошол мектеп 14 күнгө жабылары эскертилүүдө. Бишкек шаардык мэриясы ата-энелерге кайрылып, балдары илдетке чалдыкса аны мектепке же бала бакчага жибербей турууну өтүнүүдө.