Бишкекте 17-январда өткөн митингге катышкан аял эки айга камакка алынды

779

Бишкекте 17-январда өткөн митингте «улут аралык жаңжалды козуткан сөз сүйлөгөн» деген шек менен бир аял камакка алынды. 56 жаштагы Гүлжамила Сапаралиева тергөө абагына эки айга киргизилген.

Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакулов билдирди. Ал сотко күбө катары чакырылып, сурак берип чыккан. Гүлжамила Сапаралиева соттун чечими менен 17-мартка чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-январда мыйзамсыз миграцияга каршы митинг өтүп, анда тартипке баш ийбеген 21 киши кармалган. Аларга 3 миң сомдон айып салынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.