Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качууга шектелген жигит кармалды

7821

Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кеткен деп шектелген жигит кармалды. Бул туурасында калаа милициясынан билдиришти. Ала качуу тууралуу арызды кыздын жакындары тартип сакчыларына 19-декабрда жазган.

Ага ылайык, шектүү кызды ордо калаанын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан «Део Никсиа» үлгүсүндөгү автоунаа салып кеткени белгиленген. Көп өтпөй ала качкан жигит Чүй областынын Сокулук районунан табылып, анын 22 жашта экени аныкталды. Милиция аны убактылуу кармоочу жайына киргизгенин маалымдады.

Аталган факт «турмуш куруу үчүн ала качуу» беренеси менен Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.