Бишкекте 2 күндө 12 адам сууктан тоңуп каза тапты

3264

Борбор калаада акыркы эки күн ичинде сууктан 12 киши каза тапкан. Бул тууралуу республикалык соттук-медициналык экспертизанын директору Данияр Кошоков билдирген.

Ага ылайык, «24-ноябрдан 25не караган түнү Бишкекте 5 киши тоңуп каза тапкан. Алардын үчөө аял болсо, экөө эркек. Ал эми 25-ноябрдан 26-ноябрга караган түнү бир аял жана 6 эркек киши көз жумган. Мындан тышкары, акыркы 10 күндө Тез жардамдын кызматкерлери көчөлөрдөн селсаяк болуп жүргөн 11 кишини алып, оорукана менен социалдык баш калкалоочу жайларга жеткирген.

Учурда Бишкек шаарында баш калкалоочу 3 жай иштеп жатат. Бул мекемелерге бара турган жери жок адамдар кайрылса болот. Аталган жайларда бир маал ысык тамак жана ысык чай берилип турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.