Бишкекте 2 миңге жакын бала 1-класска кабыл алына элек

646

Бишкек шаарындагы мектептерге окууга кирбей калган балдар жандуу кезек менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришүүдө.

Эске салсак, электрондук кезек менен балдар-кыздарды кабыл алуу 15-августта аяктаган. Анын жыйынтыгы менен ордо калаанын мектептеринде 91 % орундар толгон. Дагы 2 миңге чукул бала 1-класска кабыл алына элек.

Учурда Бишкек шаарынын райондук Билим берүү борборлорунда атайын комиссиялар мунун себебин тактоодо. Ал эми ата-энелер 25-августка чейин бул борборлорго кайрылып, арыз таштай алышат. Балдар тизмеге катталган сайын жандуу кезек менен кабыл алына турганы маалымдалды. План боюнча быйылкы окуу жылына карата 1-класска 17 миң 725 бала барышы керек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.