Бишкекте 2 унаа өрттөнүп, эки киши күйүп кетти (видео)

862

Бишкекте 2 унаа өрттөнүп, анда эки киши күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматы билдирди. Биринчи окуяда «Сары-Өзөн» базарында Казакстандан жүк ташып келген оор жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, ичиндеги айдоочу кошо күйүп кеткен. Ошондой эле, «Бишкек жылуулук борбору» жайгашкан аймакта «Мерседес» унаасы жүк ташуучу оор машинаны сүзүп, анын натыйжасында өрт чыккан. Айдоочу ошол жерде каза болуп, жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.