Бишкекте 20 жаштагы жигит поезддин астында калды

1524

Кырсык бүгүн эртең менен саат сегиздер чамасында Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишинде орун алган. Жүк ташып бараткан поезд бир адамды тебелеп кетти. Алдын-ала иликтөөлөр боюнча, 20 жаштагы тургун кулакчын тагынып, музыка угуп баратканда, машинист бир нече жолу берген сигналын укпай, темир жолдон чыккан эмес.

Тормозду тепкенине карабай поезд аны тебелеп, отуз метрге чейин сүйрөп кеткен. Ошол жерде каза болгон адам Сокулук районунун тургуну экени аныкталды. Ал жеке фирмада слесарь болуп иштечу.

Учурда кырсыктын чоо-жайын милиция иликтеп жатат.