Бишкекте 3 машина кагышып, Тез жардам унаасы жабыркады (видео)

919

Бишкек шаарында 3 машина кагышып, тез жардам унаасы талкаланды. Дарыгер менен айдоочусу ооруканага жаткырылды. Кырсык борбор калаанын Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Тез жардам кызматынын берген маалыматына караганда, «медиктер абалы оор деп бааланган ымыркайга жардам көрсөтүү үчүн шашылыш чакырууга бара жатышкан». Учурда бул окуяны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы иликтеп жатат.