Бишкекте 3 миңден ашуун адамдын катышуусунда жөө жүрүш өтөт (видео)

1173

Келээрки ишембиде, Бишкекте 3 миңден ашуун адамдын катышуусунда жөө жүрүш өтөт, деп пландалууда. Анын максаты административдик ресурска каршы туруу. Иш чараны уюштурууну «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылы демилгелеп, аны абройлуу саясатчылар жана интеллигенция өкүлдөрү колдоп жатышат. Жөө жүрүш тынч өтүп, эч кандай чагымчылдыкка жол берилбейт, дешет уюштуручуулар. Бул боюнча мэрияга маалым кат жөнөтүлгөн. Акция Бишкектеги Жеңиш эс алуу багынан башталып, «24-март» скверинде аяктайт. Демилгечилер административдик ресурска кабылгандарды жана таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болгондорду жөө жүрүшкө катышууга чакырышат.