Бишкекте 30дай үй-бүлө турак жайларынан ажырашы мүмкүн (видео)

784

Бишкекте 30дай үй-бүлө турак жайларынан ажырашы мүмкүн. Анткени алардын 13 жыл мурда сатып алган жер участоктору соттун чечими менен мэриянын карамагына алынганы турат. Фемида өкүлдөрү сатып алуу келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. Кеп “Ак-Кула” ат майданынын тегерегине отурукташкан тургундар жөнүндө болууда. 20 жыл мурда менчиктештирилип кеткен ипподром жакында эле соттун чечими менен муниципалитеттин карамагына алынган. Ал эми анын айланасындагы 76 сотых жер дагы ат майданга тиешелүү деп соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул тилкени сатып алгандар эчак эле үй куруп, отурукташып калышкан.