Бишкекте 35 миллион долларга жаңы мечит салынат (видео)

1860

Бишкекте жаңы салына турган борбордук мечиттин имараты «кыргыз стилинде» болуп, ага 35 миллион доллар чыгымдалат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Учурда бир нече макеттердин үлгүлөрү алынып, долбоору иштелип жатыптыр.

Планга ылайык, 1-2 ай аралыгында Борбордук мечит, анын тегерегиндеги кошумча курулмалар жана муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрү отурган административдик имарат сүрдүрүлүп, курулуш иштери башталат экен. Ал арада убагында борбордук мечиттин долбоорун иштеп чыккандар имаратты жакшылап оңдоп-түзөп койсо эле, дагы бир нече жыл турмак деп билдиришүүдө.