Бишкекте 4 миңге жакын бак-дарак кыйылышы мүмкүн (видео)

645

Жаз алды менен Бишкек шаарында 4 миңге жакын бак-дарак кыйылышы мүмкүн. Баш калаа бийлиги муну көчөлөрдү кеңейтүү максатында жасалып жатканы менен түшүндүрүүдө. Жолдорду реконструкциялоонун экинчи фазасында 60 көчөнү оңдоп-түзөө мерчемделген. Мэрия алдыда жасалчу иштер шаардагы тыгындарды азайтат десе, айрым активисттер тескерсинче жолдордо унаа көбөйүп, маселе ого бетер курчуйт деген пикирде.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндөгү бир топ турак-жайлардын короолору менен дубалдары жөө адамдар басуучу тилкеден ашып кеткен. Андыктан Бишкектин жолдорун реконструкциялоодо алар түрттүрүлөбү деген дагы суроо жаралууда.