Бишкекте 40ка жакын көчмө чатырлар тигилген (видео)

753

Ызгаардуу суукка байланыштуу Бишкекте муктаж адамдарга чай, ысык тамак-аш берилип, жылынуу жайлары иштеп жатат. Учурда калаа боюнча кыркка жакын убактылуу көчмө чатырлар тигилген. Ал жерде жергиликтүү админстрация өкүлдөрү, кайрылгандарды кабыл алып, ысык чайын берүүдө. Бишкекте жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандан бери, акыркы эки сутканын ичинде калаа бийлиги уюштурган кабыл алуу пунктарына 1200дөй жаран кайрылган. Алардын баары жылуу мейманканаларга, мектептерге жайгаштырылып, ысык-тамак, жууркандар менен камсыз болушкан.