Бишкекте 50 жакын автобус каттамга чыкпай калды (видео)

2600

Алгачкы жааган кар эле Бишкек мэриясынын кышка болгон даярдыгынын чабал экенин көрсөтүп койду. Учурда социалдык түйүндөрдө дал ушундай комментарийлер арбып жатат. Буга борбор калаада 50гө жакын автобустун каттамга чыкпай калганы себеп болду. Муну менен бир катар жаңы конуштардын, Аламүдүн кичирайону жана Бишкектин борбордук бөлүгүнүн жүргүнчүлөрү кышкы суукта жөө калышты.

Тиешелүү мекеменин жетекчилиги Кытайдан жаңы алынып келинген автобустардын дөңгөлөктөрү жарабай жатканын айтса, калаа бийлиги ал үчүн элден кечирим сурады. Эмнеси болсо да, Беларустан келген 5 миллион сомдук дөңгөлөктөрдөн кийин абал өзгөрөт деп кепилдик беришүүдө.