Бишкекте ачык асман алдында муз тебүүчү аянтча ачылды (видео)

1336

Чыныгы майрамдык маанай! Бишкектеги «Азия Молл» оюн-зоок соода борборунда ачык асман алдында муз тебүүчү аянтча ачылды. Бул баш калаанын тургундары жана коноктору үчүн жакшы кабар болду, дешет мында келгендер. Себеби мурда Бишкек шаарынын бул бөлүгүндө көңүл ачуучу жай жок болчу. «Азия Молл» борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, муз аянтчасы кышы бою иштейт жана дем алыш күндөрү анда ар кандай оюн-зоок программалары уюштурулуп турат. Эң негизгиси 1-январга чейин бул көңүл ачуучу жайга кирүүдө арзандатуулар бар.