Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган камералар орнотула баштады

677

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, 60 видеокамера эл аралык донорлордун жардамы менен алып келинип, орнотулуп жатат.

Ошондой эле бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Министрлик аталган борбордун максаты кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Буга кошумча «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул проекттин алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын Кытайлык компания ишке ашырып, ага 2 миллиард 650 миллион сом чыгымдалат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.