Бишкекте административдик ресурска каршы тынч митинг өтөт

881

Иш чара саат ондо башталып, анда таза, акыйкат шайлоо өткөрүүгө чакырыктар болот. Тынч митингине абройлуу саясатчылар, жарандык активисттер, студенттер, депутаттар катышат деп күтүлүүдө.

Буга чейин «Жеңиш» эс алуу багынан «24-март» скверине чейин жөө жүрүш уюштуруу пландалган. Бирок сот тарабынан буга тыюу салынды. Мындай чечим конституцияга каршы келсе дагы, баш ийип, тынч митинг гана өткөрүлмөй болду, дешет уюштуруучулар.