Бишкекте айдоочу даракты сүзүп, эки адам каза болду

566

Кайрадан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы. Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, даракты барып сүзгөн.

Анын кесепетинен 22 жаштагы айдоочу менен 17 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде жан берген. Дагы бир киши ооруканага жеткирилген. Бул боюнча маалымат Бирдиктүү реестрге катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.