Бишкекте айдоочуга кол салып, 310 миң долларын уурдап кетишти

702

Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөй айылына жакын жерде «Тойота Харриер» унаасынын айдоочусуна кол салуу болуп, анын 310 миң долларын уурдап кетишти. Чүй областтык милициясы кабарлагандай, бүгүн эртең менен Беш-Күнгөй айылында жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тартип сакчылары жерине барган маалда «Тойота Харриер» унаасынын айдоочусу менен анын аялына белгисиз кишилер кол салып, акчасын алып кеткени маалым болгон. Жабыркагандардын унаасын «Субару Форестер» унаасы келип урган. Анын ичинен 2 киши чыгып, “Тойотанын” жүргүнчүлөрүн курал менен коркутуп, акчасын талап кылышкан.

Учурда шектүүлөр изделип жатат. Бул факты боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.