Бишкекте айдоочулар жол талашып, мушташа кетти

602

Милиция Бишкекте көчөнүн так ортосунда болгон айдоочулардын мушташынын чоо жайын териштирип жатат. Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жол талашып кеткен эки адам чатакташкан.

Интернетке тараган видеодо жашыраак олбурлуу жигит улгайган кишини бир нече жолу сөгүп жиберген. Ал жерге кулап, тура албай калган. Кол көтөргөн айдоочу кетүүгө аракет кылганда, окуяга күбө болгон адамдар чогулуп токтотуп калышкан.

Учурда мушташкандардын өздүгү такталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.