Бишкекте аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог өтөт (видео)

1174

Сөздөн ишке өтчү учур келди. Бишкекте аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог ишин баштаганы жатат. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган 1200гө жакын адам 2018-жылдагы аймактарды өнүктүрүү жылындагы аткарылган иштер, жүзөгө ашпай калган долбоорлор жөнүндө ачык баарлашат.

Андан тышкары, быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аткарыла турган маселелер талкууга коюлат. Иш-чаранын уюштуруучулары бул бийликтин баардык бутактары менен аймактардагы ишкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтердин ачык сүйлөшүүчү аянтчасы болот дешет.