Бишкекте айнегин караңгылаткан автоунаалар көбөйдү

720

Транспорт жана жол министрлиги Ички иштер министрлиги менен кошо машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айып пул салуу үчүн рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку ай ичинде машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочулар көбөйүп кеткен. Учурда шаардын көчөлөрүндө рейд жүргүзүлүп, мыйзам боюнча 5500 сом айып салынып жатат.

Январдан тартып күчүнө кирген эреже бузуу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министирлигине жүктөлгөн. Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айып пул салууну Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.