Бишкекте Айтматовдун 90-жылдыгына арналган Улуттук адабият күнү белгиленүүдө

1948

Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленет. Иш-чараны Маданият, билим министрликтери, USAID агенттигинин “келгиле, окуйбуз!” жана “билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоорлору биргелешип уюштурууда.

Элдин китеп окуу маданиятын жакшыртуу, улуттук адабиятты өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чара быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналат.

Жазуучунун эстелигине гүл коюлат. Андан кийин Балдар жана жаштар китепканасында “келгиле, Айтматовду окуйбуз!” мелдеши, суроо-жооптор уюштурулуп, Айтматовдун чыгармаларына негизделген тасмалар көрсөтүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.