Бишкекте ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум болду (видео)

1624

Бишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча эл аралык форум отту. Иш чаранын башкы максаты — бул жаныбарды коргоо жана алардын санын көбөйтүү. Бул жаатта биздин өлкөнү дүйнөлүк коомчулук колдоп жатат. Голливуд жылдыздары Леонардо Ди Каприо менен Меган Фокстун ак илбирсти коргоо чакырыгы жана бийик тоону мекендеген ыйык жаныбарды сактап калуу үчүн — 50 мамлекеттен 200 миңден ашык адам кол койгон документ Кыргызстанга расмий түрдө тапшырылды. Эл аралык форумга 20дан ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышты. Иш-чараны президент Алмазбек Атамбаев ачып, илбирсти аткандарды маңкурт деп атады.