Бишкекте ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат

3862

Бишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат. Иш-чараны президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп ачты. Өлкө башчынын айтымында, илбирсти кыргыз эли байыртан ыйык тутуп келген, аны аткан кыргыз өзүнүн элин атканга, терисин саткан кыргыз жерин сатканга барабар.

Эл аралык форумдун башкы максаты — ак илбирстерди коргоо жана алардын санын көбөйтүү. Бул жаатта биздин өлкөнү дүйнөлүк коомчулук колдоп жатат. Кыргызстан илбирстерди коргоо үчүн өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш парктарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында баардык чараларды көрүүдө. Өлкө боюнча «Хан Тенгри», «Алатай», «Кан-Ачуу» жаратылыш аймактары түзүлдү, деди президент. Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча биринчи Эл аралык форум 2013-жылы өткөн.

Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 300гө жакыны Кыргызстанда. Адистердин айтымында, илбирстердин так эсебин чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү. Буга чейин ак илбирске аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, эми жаңы мыйзам долбоору боюнча анын көлөмү бир жарым миллион сомго көтөрүлдү.