Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир тонна бешбармак жасалат

1649

Бишкекте 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата бир тонна бешбармак даярдалат. Иш чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектешиги» долбоорлору уюштурат.

Бул тууралуу «Кыргыз тилектештиги» коомунун жетекчиси Элнура Кулуева билдирди. Анын айтымында, улуттук тамак Ала-Тоо аянтында жасалат. Уюштуруучулар иш-чарага Гиннестин рекорд китебинин өкүлдөрүн чакырышты. «Биз уюмга кайрылдык, азыр анын жол-жобосу талкууланып жатат», — деди Кулуева.

Беш бармакты даярдоого меценаттар колдоо көрсөтөт, ал эки күндө жасалат. Уюштуруучулардын максаты – улуттук салт-санааны жайылтуу.

2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорд китебине кирген.