Бишкекте акча алмаштыруу жайы каракталды (видео)

926

Өткөн ишемби күнү акча алмаштыруу жайы каракталып, кылмышкерлер үй ээсине ок чыгарышкан. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармылыгынын басма сөз кызматы билдирди. Окуя Чүй областынын Аламүдүн районундагы Ленин айылында катталган. Кылмышкерлер акча алмаштыруу жайына кирүү үчүн терезенин темир тосмосун машинеге тарттырып жулуп салганы видео көзөмөл камерасына тартылып калган. Тартип сакчыларанын маалыматы боюнча, каракчылар кара түстөгү БМВ Х5 унаа менен окуя болгон жерден качып кетишкен.