Бишкекте Ала-Арча суусун ташкындоодон сактоо иштери жүрүп жатат

749

Суук күндөрдөн кийин аба ырайынын жылый баштаганына байланыштуу 3 күн мурда дайра ташып кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бишкек жашылдандыруу башкармалыгы биргеликте суудагы музду тазалап жатышат.

Эгерде убагында кам көрүлбөгөндө суу айланадагы үйлөргө жайылмак дешет адистер. Тазалоо иштерине 5 атайын техника жана жүйздөй жумушчу тартылган.