Бишкекте алгачкы жолу өткөн көркөм гимнастика фестивалы (видео)

1469

Чимириле айланган бийчилер, ар түрдүү оор номерлерди аткарган акробатика чеберлери. Бишкекте көркөм гимнастика боюнча алгачкы ирет масштабдуу фестиваль болуп өттү. Иш-чарага 200дөй өнөр ээлери чакырылып, анда 10дон ашык номер көрсөтүлдү.

Бул фестивалдын сценарийин россиялык режиссер Эльдар Сайфутдинов иштеп чыгып, 2 өлкө ортосундагы алака сахналаштырып көрсөтүлдү. Мындан сырткары көркөм гимнастика боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону Екатерина Слезнёва дагы бул иш чарага чакырылган.