Бишкекте атасы сабап салган 6 жашар бала ооруканага түштү (видео)

961

6 жашар баласын катуу токмоктоду деп шектелген атага карата азырынча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Аталган факты «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен Бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскерте кетсек, эки күн мурда 6 жашар бөбөк катуу сабалып, 3-балдар ооруканасына түшкөн. Анда анын баш мээси чайкалып, колу сынып кеткени аныкталган. Баланын апасынын айтымында, күйөөсү мындай ишке биринчи жолу барып жаткан жок.