Бишкекте автобус 16 жаштагы кызды коюп кетти

522

Кырсык 22-январда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча Бишкектеги маршруттук каттамдагы №7 автобус жөө кишилер өтө турган тилкеде бараткан 16 жаштагы кызды коюп кеткен. Учурда кыз ооруканада дарыланып жатат.

Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Автобустун айдоочусу 29 жаштагы жаран экени такталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.