Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышып кетти

679

Бишкек шаарынын Көлбаев менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус менен жеңил унаа кагышып кетти. Жеңил автоунаанын айдоочусу саатына 80 чакырым менен бараткам деп ишендирип, алдындагы автобус капысынан бурулганын айтты.

Ал эми автобус таштанды контейнерлери турган жерди барып сүзүп токтогон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолду оңдоо иштери болуп жаткандыктан, автобус бир нече күндөн бери ушул көчө аркылуу каттап жаткан. Жабыркагандар Чүй облустук ооруканасына жеткирилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгында 16 киши жабыркады. Алардын бешөөсү ооруканага жаткарылып, калгандары даарыгерлердин кароосунан өткөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.