Бишкекте бак-дарактар кайрадан массалык кыйыла баштады (видео)

1048

Бишкекте бак-дарактарды массалык кыйуу иштери уланууда. Мэриядан кабарлашкандай, быйыл борбор калаада 2,5 миң бак кыйылат. Анткени көбүнүн эскилиги жетип адам өмүрүнө коркунуч жаратууда дешет. Мындан тышкары, көчөлөрдү кеңейтүү максатында да массалык кыюулар болот. Шаардын Жашыл чарба муниципалдык ишканасы кесилген бактардын ордуна декоративдүү көчөттөрдү отургузууну көздөп жатат. Алардын жарымы чет өлкөдөн алып келинет. Бирок айрым жарандык активисттер мэриянын бул планын колдобойт. Алардын айтымында, чет өлкөдөн кымбат алып келинген, өзгөчө багууну талап кылган бактар Кыргызстандын климатында өсүп кетиши күмөн.