Бишкекте баланы сүзүп кетип жардам көрсөтпөй таштап кеткен айдоочу кармалды

638

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жол тилкеден 8 жашар мектеп окуучусун сүзүп кетип, жардам көрсөтпөй, качып кеткен айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан кармалды.

Маалыматтарга караганда, ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында, «Ниссан» унаасы токтотулуп, аны башкарып бара жаткан 31-жаштагы шектүү колго түшүрүлгөн. Анын автомашинасы айып жайга токтотулуп, тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, шаршемби күнү баш калаадагы №70 мектептин жанындагы жөө адамдар өтүүчү тилкеден унаа бир баланы сүзүп кетип, анын айдоочусу балага жардам бермек турсун, унаадан түшүп да койгон эмес. Жол кырсыгынын натыйжасында мектеп окуучусу бир топ дене жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.