Бишкекте балдарды кабыл алган убактылуу стационар ачылды (видео)

2671

Сасык тумоо илдети күчөп жаткандыктан ооруган балдар үчүн кошумча 160 орун даярдалды. Убактылуу стационар Республикалык диагностикалык борбордун 4-5-кабаттарына жайгаштырылды. Убактылуу жайга жеңил жана орто абалдагы балдар жаткырылат. Бирок алар бейтаптарды түз кабыл албайт.
Ата-энелер алгач баласын №3 балдар ооруканасына же Эне жана баланы коргоо борборуна көрсөтүп, ал жактагы адистердин багыттамасы менен гана убактылуу стационарга жаткырганга бара алышат. Учурда курч мүнөздөгү респиратордук оору күч алгандыктан №3 балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо борборунда бейтаптарды жаткырууга орун калбай калган.