Бишкекте баңги заттарын сатууга аракет кылган шектүү колго түшүрүлдү

3688

Бишкектеги кафелердин биринде баңги заттарын сатууга шектелген адам кармалды. Тартип сакчыларынын билдирүүсүнө караганда, аларга борбордогу «Навигатор» эс алуу жайында наркотикалык заттар жайылтылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын ыкчам операциянын жүрүшүндө, 4 грамм гашиш сатууга аракет кылып жаткан шектүү колго түшүрүлгөн. 1992-жылы туулган шектүү кафеде 8 айдан бери бармен болуп иштеп келген.

Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алынган наркотикалык зат боюнча атайын экспертиза дайындалды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.