Бишкекте беткап кийген белгисиз эки адам банктын филиалын тоноп кетти

2710

Бишкектин Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын филиалынан миллион сомдон ашык акча тонолду.

Маалыматтарга караганда, мекемеге беткап кийген белгисиз эки киши курал менен кирип келип, жеке күзөт кызматынын күзөтчүсүн сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен. Шектүүлөр банкка негизги эшик менен кирип келип, акчаны алып, кайра арткы эшик аркылуу чыгып кетишкен.

Борбордо «перехват» операциясы жарыяланып, учурда шектүүлөр изделүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.