Бишкекте бир аялды сүзүп өлтүрүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

591

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы окуяга күбө болгондорду тергөө менен кызматташууга чакырат.
Маалыматтарга караганда, качып кеткен айдоочу кочкул көк түстөгү БМВ автоунаасында болгон. Ал 10-октябрь күнү кечинде саат сегиздер чамасында Медеров көчөсүндө жол чийининен өтүп бараткан аялды сүзүп, токтобостон из жашырган.
Тартип сакчылары кылмышка шектүүнү өз ыктыяры менен милицияга келүүгө чакырат.