Бишкекте бир катар көчөлөр жабылып, дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

1870

Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу болууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти. Буга чейин Мадина, Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков элди тартипти бекем сактоого чакырып, ар бир үй-бүлө жеке гигиена талаптарын толук сакташы керек экенин белгиледи.

«Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу азайтуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу дарыгерге кайрылыш керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат», — деди Жээнбеков.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.