Бишкекте бир үй менен үч машина күйүп кетти (видео)

849

Эки кабаттуу мансард тибиндеги турак жай, Люксембург менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Үй менен кошо Спринтер, «Жигули» жана «УАЗ» унаалары өрттөнүп кеткен. Кырсык түндө саат 01:30 катталып, өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 бригадасы чакырылган. Өрт эртең мененки жетилерге жакын гана толук өчүрүлдү. Кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдар такталууда. Үй ээсинин айтымында, өрттү бирөөлөр атайылап коюп кетишкен.