Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын айкели ачылды (видео)

1122

Кыргызстандын алгачкы балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева көзү тирүү болгондо быйыл 91 жашка чыкмак. Бүгүн анын атындагы Искусство университетинде айкели ачылды. Маданий иш-чара балет бийчисинин жакындары, замандаштары жана өнөр сыйлаган адамдардын катышуусунда өттү. Кыргыз аккуусунун элесин берүү вазыйпасы айкелчи Садабек Аджиевге жүктөлгөн. Анын бул эмгекти жаратууга 5 айдан ашуун убакыты кеткен.