Бишкекте бүгүн каттамга чыккан коомдук транспорттун саны кыскарды

804

Аба ырайынын кескин сууктаганына байланыштуу жолго чыккан автобустарга колдонулган күйүүчү май тоңуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешүүдө.

Ошондой эле акыркы эки күндүн ичинде эртең менен от албай жаткан коомдук транспорттун саны да кескин азайган. Мындан улам, калаа бийлиги шаардыктарды убакытын алдын ала пландап же муктаждык болбосо көчөгө чыкпоого чакырат.

Азыр Бишкекте автобустардын 42 пайызы гана каттамга чыгып, 53 гана транспорт жүргүнчүлөрдү ташууда.