Бишкекте бычакталган милиция кызматкеринин сөөгү табылды

1136

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматында иштеген 25 жаштагы ага-лейтенант Уларбек Майрамбеков шаардын Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бычакталып өлтүрүлдү. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, ал кылмышкердин колунан каза тапты. Бул факты боюнча «адам өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.

Ал эми Нарын шаарында милиция кызматкери жумуштан кийин Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, кокустан кесиптешин атып алганы белгилүү болду. Атылган ок милициянын старшинасынын көкүрөгүнө тийип, ал ошол жерден каза тапкан. Бул боюнча кызматтык териштирүү башталып, «этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келген шалаакылык» беренесине ылайык кылмыш иши ачылды. Улук сержант камакка алынды.