Бишкекте чет элдик мигранттарга каршы митинг өттү (видео)

624

Бишкектин борбордук аянтында 6 саатка созулган митинг болду. Талаптар баягы эле. Нааразычылык акцияга чыккандар чет өлкөлүктөргө, айрыкча Кытай жарандарына Кыргызстандын атуулдугун берүүгө мораторий жарыялоо керек дешет. Ошондой эле, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды депортациялоо талап кылынды.

Башында митингге 100дөй киши чогулуп, түшкө жакын улам-улам көбөйүп жатты. Коомдук тартипке милиция кызматкерлери көз салып турду. Митингге тышкы иштер министрлиги менен миграция кызматынын өкүлдөрү да катышып, чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу расмий маалымат беришти. Бирок пикетке келгендер буга ынанышкан жок.