Бишкекте Чоң Чүй каналына жакын жерде ымыркайдын сөөгү табылды

699

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө Чоң Чүй каналына жакын жерде, ымыркайдын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда тартип сакчылары наристенин энесин издешүүдө.

Маалыматтарга караганда, ымыркайдын сөөгү мындан бир нече күн мурда, тагыраагы 3-февралда эле табылыптыр. Учурда баланын жашы жана эмнеден чарчап калгандыгын аныктоо боюнча атайын экспертизалар жүрүп жатыптыр.

Азырынча тактала элек маалыматтарга караганда, бала болжол менен бир жашта. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.