Бишкекте Чыңгыз Айтматовго арналган айтыштын тандоо туру башталды

728

Республикалык «Айтыш» коомдук фонду билдиргендей, тандоо туру саат 10.00дө «Манас» кинотеатрында өтүп жатат.

Анда ар бир жупка 10-15 мүнөттөн убакыт берилет. Жалпы 16 акын тандалып алынат.

Тандоодон өткөндөр 8-ноябрда Талас облустук драма театрында өтө турган айтышка катышат. Айтыштын байге фонду бир миллион сом.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.