Бишкекте дагы бир ишкер киши колдуу болду (видео)

606

Чүй областынын 39 жаштагы тургуну акча ташуу менен алектенип жүргөнү айтылууда. Ал 22-октябрда кечки саат 21.30да үйүнөн аэропортко кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Сарсанаа болгон иниси эртеси күнү милицияга арыз жазган.

Анын негизинде издөө иштери жүрүп, кишинин сөөгү өзүнүн автоунаасынын багажынан табылган. Туугандарынын айтымында, маркум такси айдоочусу болуп иштечү.